Кытайда жүргөн селде 5 киши каза тапты

8 миң 500 үй кулап, 253 миң гектардан ашуун эгин аянты зыян тартты.

826060
Кытайда жүргөн селде 5 киши каза тапты

Кытайдын ортоңку бөлүгүндө катуу жамгыр жаашы жол ачкан селде 5 киши каза болду.

Синьхуа агенттигинин берген кабарына караганда өлкөнүн Хубей аймагында таасирдүү болгон жамгыр себеп болгон сел апаатында 5 киши каза болду. Аймакта селден улам 26 миң  700 киши коопсуз аймактарга көчүрүлдү. 8 миң 500 үй кулап, 253 миң гектардан ашуун эгин аянты зыян тартты.

Нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон материалдык жоготуунун 4 миллиард юанга жеткендиги билдирилип, жергиликтүү башкаруулардын аймакка куткаруу жана саламаттык кызматкерлерин жибергендиги билдирилди. Өлкөдө өткөн айда Шаанши аймагындагы нөшөрлөп жааган жамгырда сел жүрүп, 5 киши каза болуп, 27 миң киши  аймактан чыгарылган болчу.

 



Тектеш кабарлар