Швецияда күндүн каармандары

Швецияда Швецияда ууруну кармаган үч мусулман жаш жигит каарман деп жарыяланды.

825736
Швецияда күндүн каармандары

Швецияда бир аялдын капчыгын уурдаган ууруну кармаган үч мусулман жаш жигит каарман деп жарыяланды.

Улуттук басма сөздүн «Күндүн каармандары» деген темада жарыялаган кабарында Швециянын Хельсингборг шаарында жашаган Хассан  Ел Малли, Мохамед Курдия жана Юсуф Хамид аттуу көчмөн жаштар, капчыгын ууру уурдаган   53 жаштагы Швеция жараны Сюзанна  Скоглофго жардам берүү менен үлгү болушту.

Сюзанна  Скоглоф болсо социалдык медиада окуя тууралуу буларды айтты : «Куллагатан проспектисинде  банкоматтан акча алгандан кийин бир киши капчыгымды уурдап алды. Оболу эки секунда шок болдум. Андан кийин үнүмдүн жетишинче : «Ууруну кармагыла» деп кыйкыра баштадым. Үнүмдү бул үч жигит укту. Уурунун артынан чуркап барып кармашты. Капчыгымды да  алып беришти. Хассан Ел Малли, Мохамед Курдия жана Юсуф Хамид менин жүрөгүмдүн каармандары». Скоглофтун  социалдык медиадагы маалыматы рекордго жетти.

 



Тектеш кабарлар