АКШ-Орусия желек кризиси

Орусия менен АКШнын ортосунда эми болсо желек кризиси болуп жатат

825569
АКШ-Орусия желек кризиси

Орусия АКШнын эки тараптуу карым-катнаштарга атайылап зыян тийгизип жатканын билдирди.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги кечээ АКШлык кызматкерлердин Сан-Францискодогу орус консулдугунун имаратындагы желектерди чечип алып салганын билдирген болчу.

Сан-Францискодогу консулдугунан желектердин уурдалып кеткенин билдирген Москва Вашингтон башкаруучулугуна каршылык көрсөткөн.

Вашингтондогу орус элчилиги Твиттер баракчасынан жарыялаган бөлүшүүсүндө, Сан-Францискодогу ичи бошотулган консулдук имаратындагы орус желектеринин уурдалып кеткенин билдирген.

Желектердин кайтарылып берилишин талап кылган элчилик, желектер илинген жердин бош калгандыгынын фотосүрөтүн да бөлүшкөн.

«Уурдалды» деген айтымдарды четке каккан АКШ болсо желектердин чечилип имаратта сакталганын белгилеген.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык кризисте Америка башкаруусу, Орусиядан Сан-Францискодогу консулдугунун бошотулушун талап кылган эле.

Консулдуктун кызматкерлери имаратты өткөн айда бошоткондон кийин Америка тарабынан имараттын айрым бөлүмдөрү колдонула баштаган болчу.



Тектеш кабарлар