АКШ атомдук келишимин жойсо, анда ага ишенбөөчүлүк пайда болот

АКШнын телеканалы PBSте сүйлөгөн Могерини, Иран менен болгон атомдук келишим тууралуу маалымат берди.

825786
АКШ атомдук келишимин жойсо, анда ага ишенбөөчүлүк пайда болот

Европа Биримдигинин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини, АКШнын 2015-жылы бекиткен атомдук келишимди жоюусунун бүткүл дүйнөгө «АКШга ишенбөөчүлүк» белгисин бере турганын айтты.

АКШнын телеканалы PBSте сүйлөгөн Могерини, Иран менен болгон атомдук келишим тууралуу маалымат берди.

Могерини АКШнын, Иран менен БУУнун коопсуздук кеңеши жана ЕБ (Р5+1) ортосунда 2 жыл мурда кол коюлган атомдук келишимди жойгон учурунда зоболосун түшүрө турганын белгилеп кетти.

АКШнын президенти Дональд Трамптын келишимди жойгон учурунда башка өлкөлөрдүн АКШ менен келишим түзүүдөн кача турганын белгилеген Могерини: «АКШ, бир гана 2 жыл мурда БУУнун коопсуздук кеңешинде келишимди бекитти жана формаланышында чоң роль ойноду. Келишимди бекиткен ошол эле өлкө келишимди жойсо, АКШ дүйнө жүзүнүн калганына «АКШга ишенип болбойт» деген билдирүүсүн берет»,-деди.

Могерини, Трамптын келишимди жоюу чечимин чыгарган учурунда АКШда ар бир бийлик алмашканда келишимдер каралып чыга турганы түшүнүгү жаратыла турганына көңүл буруп, мунун калган өлкөлөрдүн АКШ менен карым-катнаштарына таасир тийгизе турганын айтты.

Ирандын атомдук келишиминин күчүндө экенин баса белгилеген Могерини: «Келишимдер мындай түрдө түзүлбөйт. Тышкы саясатта дагы, жеке менчик фирмаларда дагы иштер мындай жүргүзүлбөйт. Президент Трамптын да муну абдан жакшы түшүнгөнүн ойлоодомун»,-деп айтты.

АКШ бийлигинин жекшемби күнгө дейре Ирандын атомдук келишимге баш ийип ийбегени тууралуу көз карашын билдириши күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар