Каталониядагы акыркы кырдаал

Каталониянын жергиликтүү парламенти, Конституциялык сот тарабынан мыйзамсыз деп жарыяланганына карабастан 1-октябрда өткөргөн көз карандысыздык референдумунан бери алгач ирет чогулду.

824743
Каталониядагы акыркы кырдаал

Испаниянын чыгышындагы Каталония автономдуу башкаруучулугунун өкмөт башчысы Карлес Пуждемонт көз карандысыздык жарыясын токтоткондорун айтты.

Каталониянын жергиликтүү парламенти, Конституциялык сот тарабынан мыйзамсыз деп жарыяланганына карабастан 1-октябрда өткөргөн көз карандысыздык референдумунан бери алгач ирет чогулду.

Каталон лидер Карлес Пуждемонт бул жердеги сөзүндө: «1-октябрдагы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгына караганда Каталония көз карандысыздык укукка ээ болду»,-деди.

Бирок күтүлгөндүн тескерисинче көз карандысыздык жарыясын кылбаган Карлес Пуждемонт: «Каталониянын республика башкаруусундагы мамлекет болушу үчүн элдин мага берген ыйгарым укугун колдономун. А бирок испан өкмөтү менен диалог каалгасын ачыш үчүн көз карандысыздык жарыясын азырынча токтотомун. Испан өкмөтүнөн арачылыкты кабыл алуусун каалабаймын»,-деп айтты.

Каталониянын Европанын маселеси экенин айткан Карлес Пуждемонт: «Менден эч качан коркутуу жана шантаж укпайсыздар. Чыңалууну арттыра турган эмес, азайта турган билдирүүлөрдү айталы. Бардыгыбыз эч бирдей пикирде болбосок дагы бирге жашайбыз»,-деп айтты.

Диктатор Франконун каза болушунан кийин «Испаниянын экономикадагы моторунун, заманбапташуусундагы жана ырааттуулугундагы маанилүү фактордун Каталония болгонун» жактаган Карлес Пуждемонт, бирок борбордук өкмөттүн бул чындыкты көрмөксөнгө салганын айтты.

2010-жылы Конституциялык сот жойгон автономия статусун баса белгилеген Каталониянын өкмөт башчысы, «Конституциялык соттун чечиминен кийин Испания мамлекети бармагын да кыймылдатып койгон жок, каталондор жашоосунун жалгыз кепилдигинин өз мамлекетин түзүү катары көрүштү»,-деп айтты.

Испан калкына да билдирүү айткысы келгенин белгилеген Карлес Пуждемонт: «Испания жана испан калкы менен жакшы мамиледе болуу биздин каалообуз жана алдыңкы планыбыз. Биз кылмышкер, жинди же козголоңчу эмеспиз. Добуш берүүнү каалаган катардагы элбиз. Испания жана испандарга каршы эмеспиз. Тескерисинче дагы жакшы мамиледе болууну каалайбыз. Буга чейин карым-катнаштар жүрбөгөнүн бардыгыбыз көрдүк. Конституциянын ары жагында да демократия бар. Муну ар ким көрүшү керек»,-деди.

Испания өкмөтү өлкөнүн чыгышындагы Каталония автономдуу башкаруучулугунун өкмөт башчысы Карлес Пуждемонттун сөзүн «үстү жабык көз карандысыздык жарыясы» катары сереп салып, «кабыл алынгыс» экенин жактады.

Испаниянын Министрлер кеңеши Каталонияга каршы жаңы чараларды көрүш үчүн кезексиз чогулуш өткөрөт.

Бир тараптан Карлес Пуждемонттун көз карандысыздык жарыялабоосунун артындагы чындыктын Европа Биримдигинен келген кысымдар экени айтылууда.



Тектеш кабарлар