АКШнын бомбардир учагы Кореянын үстүнөн учту

Америка армиясынын жарыясына караганда Гуамдан учкан эки бомбардир учагын Түштүк Корея жана Япониянын согуштук учактары да коштогонун маалымады.

824607
АКШнын бомбардир учагы Кореянын үстүнөн учту

АКШнын аба күчтөрүнө таандык В-1В үлгүсүндөгү бомбардир учак Корея жарым аралынын үстүнөн учту.

Америка армиясынын жарыясына караганда Гуамдан учкан эки бомбардир учагын Түштүк Корея жана Япониянын согуштук учактары да коштогонун маалымады.

Анда эки жолу болгон түнкү машыгууда Түндүк Кореянын ядролук коркутууларына каршы АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын ортосундагы колдошуунун көрсөтүлүшүнүн максатталганын белгиледи.

Бул учурда Түндүк Кореянын компьютер каракчыларынын  арасында Түштүк Корея жана АКШ тарабынан даярдалган ыктымалдуу согуш пландары да орун алган жашыруун аскердик документтерди уурдап алганы боюнча айтымдар жайылды.

Түштүк Кореянын «Йонхап» маалымат агенттигинин кабарына караганда бир жыл мурда болгону белгиленген окуяда 235 гигабайттык аскердик документтин түндүк кореялык компьютер каракчылары тарабынан уурдалганы айтылган.

Пхеньян бийлиги болсо бул айтымдарды четке какты.



Тектеш кабарлар