Сирияда орус учагы кырсыкка учурады

Хмеймим аба базасында бир орус Su-24 аскердик учагы учуп баратып кырсыкка учурады.

823943
Сирияда орус учагы кырсыкка учурады

Сириядагы Латакия шаарынын жакындарындагы Хмеймим аба базасында бир орус Su-24 аскердик учагы учуп баратып кырсыкка учурады. Учактагы экипаждын баарынын каза болгондугу белгиленди.

Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Хмеймим аба базасында бүгүн бир Su-24 учагынын учуп баратып аянттын тышына чыккандыгын, учактагы учкучтардын өздөрүн парашют менен учурууга убакытысынын болбогондугу үчүн каза болгондугу белгиленди. Министрликтин жетекчилери учактын техникалык бузуктуктан улам кырсыкка учуроо ыктымалына токтолушууда.

 



Тектеш кабарлар