Калифорнияда өрт ылдам жайылып баратат

Өрттөн кеминде 10 киши көз жумду

823727
Калифорнияда өрт ылдам жайылып баратат

АКШнын Калифорния штатында башталган жана ылдам жайылган токой өрттөрүнөн кеминде 10 киши каза болду.

1 миң 500 үй менен ишкананын жарактан чыгышына, 20 миңден ашуун кишинин да аймактан эвакуацияланышына себепчи болгон токой өрттөрү уланып жатат.

Өрт өчүрүүчү кызматкерлердин билдирүүсүнө караганда орто эсеп менен 100 миң гектардык аянт күл болду.

Калифорниянын губернатору Жерри Браун, тилсиз жоонун айынан 8 аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады.

Көп сандаган кишинин да жаракат алышына жана дайынсыз жоголушуна алып келген, электр жана телефон линияларына зыян тийгизген өрттөрдүн чыгуу себеби азырынча белгисиз.



Тектеш кабарлар