Сауд Арабия дагы Орусиядан С-400 системаларын сатып алат
Мария Воробьева, Сауд Арабияга С-400 системаларынын өткөрүлүшү темасында келишимге жетишилгенин айтты.
Орусия жана Сауд Арабия С-400 абадан коргонуу системаларынын сатылышы темасында макулдашты.
Орусиянын маалымат агентииги Риа Новостиге маек куруп берген Орусиянын Федералдык аскердик-техникалык кызматташтык агенттигинин өкүлү Мария Воробьева, Сауд Арабияга С-400 системаларынын өткөрүлүшү темасында келишимге жетишилгенин айтты.
Орусия менен Сауд Арабиянын ортосунда аскердик техниканы жергиликтүү кылууга карай меморандумга да кол коюлганын белгилеген Воробьева, «Сауд Арабия менен С-400 системаларына кошумча Cornet-EM үлгүсүндөгү танка атуучу ракеталары, TOS-1A үлгүсүндөгү күчтүү атуу системалары, AGS-30 бомба аткычтары жана Калашников АК-103 куралдарынын өткөрүлүшү темасында да макулдашылды»,-деди.
Воробьева, кол коюлган меморандумдун Cornet-EM үлгүсүндөгү танка атуучу ракеталары, TOS-1A үлгүсүндөгү күчтүү атуу системалары, AGS-30 бомба аткычтары жана Калашников АК-103 куралдарынын жасалып чыгарылышы үчүн Сауд Арабияга технология өткөрүлүшүн да камтыганын маалымдады.