АКШ Палестина-Израиль тынчтыгын камыздоону сынап көрөт

Дональд Трамп, TBN телеканалында мурдагы президенттикке талапкерликке талапкерлерден Майк Хакабинин суроолоруна жооп берди.

822926
АКШ Палестина-Израиль тынчтыгын камыздоону сынап көрөт

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп, Израиль-Палестина тынчтык процессин камсыздоону дагы бир жолу сынабастан АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүрүүнү ойлобогонун айтты.

Дональд Трамп, TBN телеканалында мурдагы президенттикке талапкерликке талапкерлерден Майк Хакабинин суроолоруна жооп берди.

АКШнын Тель-Авивдеги элчиси Дэвид Фридмандын жакынкы убакта АКШнын Элчилигин Иерусалимге көчүрө тургандарын айтканын эске салган Хакабинин бул темада кандайдыр бир күн белгилүү болуп болбогонун сурганы боюнча Трамп, Израиль-Палестина тынчтык процессинде жаңы пландын үстүндө иштеп жаткандарын айтты.

Израиль-Палестина тынчтыгын мүмкүн эмес деп эсептебегенин белгилеген Трамп: «Учурда бир пландын үстүндө иштеп жатабыз. Ар ким бул пландын көп жылдар бою ишке жарабай келгенин айтууда. «Бардык келишимдердин эң татаалы Израиль менен Палестинанын ортосундагы тынчтык» деп жатышат, бирок биз муну аткарууга аракет кылабыз»,-деди.

Планынын ийгиликтүү болуп болбой турганы темасында божомолдоону каалабаганын белгилеген Трамп: «Элчиликти Иерусалимге көчүрүүнү ойлоодон мурда муну сынап көргүм келет. Израиль-Палестина тынчтыгын камсыздай алсак, бул жыйынтык катары Жакынкы Чыгыштын тынчтыгына жол ачат»,-деди.

Аты аталган план тууралуу күн айтпаган Трамп: «Жакынкы убакта чечим чыгарабыз»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар