Израилдин Акса мечитинин короосунда балдардын ойношуна тоскоол болушу айыпталды

«Акса мечитинин байкоосу жана ички иштери тууралуу сөз ээси болгон Иордания корлу 2 -  Абдуллах»

821740
Израилдин Акса мечитинин короосунда балдардын ойношуна тоскоол болушу айыпталды

Иерусалимдеги Исламдык фонд башкаруусу Израиль сотунун палестиналык балдардын Акса мечитинин короосунда оюн ойношуна тоскоол болушун айыптады. Фонддор башкармалыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Медиа органдарында Израиль жогорку сотунун Аксадагы Израиль полицияларынын короодо ойногон балдарга тоскоол болушу тууралуу чечим чыгаргандыгына байланыштуу кабарлар орун алды. Чечим оңчул радикал еврей топтордун талабы менен чыкты»,- деп айтылды.

Чечим айыпталган маалыматта : «Еврей отурукташуучулар Аксага жасаган  баскын учурунда балдардын бул жерде ойногондугун көрүп, мунун ыйык жерлерге карата урмат сыйды бузуу экендигин айтышты. Акса мечити короосу менен бирге бир гана мусулмандарга таандык исламдык бир жер экендигин баса белгилейбиз. Өкмөт же сот болсун эч бир израилдик мекеменин гаремдин ички иштерине аралашуу укугу жок»,- деп айтылды. Маалыматта Израиль сотторунан чыккан чечимдердин кабыл алынбагандыгы баса белгиленип : «Акса мечитинин байкоосу жана ички иштери тууралуу сөз ээси болгон Иордания корлу 2 -  Абдуллах»,- деп билдирилди. Бул тууралуу Израиль мекемелеринен кандайдыр бир маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар