Путиндин Түндүк Корея жөнүндө айткандары

Түндүк Кореяны эч ким толук билбейт

820375
Путиндин Түндүк Корея жөнүндө айткандары

Орусиянын президенти Владимир Путин, Түндүк Кореяга сокку уруунун мүмкүн экенин бирок мунун кааланган натыйжаны берээринин белгисиз экенин айтты.

Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн Орус энергетика жумалыгынын негизги отурумунда катышуучуларга кайрылган Путин, Корея жарым аралында айтылган согуш сөзүнүн коркунучтуу экенин баса белгиледи.

Орус лидер: «Ачык айкын сүйлөшөлү: Түндүк Кореяны куралсыздандыра турчу сокку урууга мүмкүнбү? Мүмкүн. Анда максатка жетүүгө болобу? Бул белгисиз, анткени эч ким Түндүк Кореянын кайда эмнеге ээ экенин билбейт. Түндүк Корея жабык өлкө жана эч кимдин бул темада жүз пайыз маалыматы жок. Жообу ортодо турганда согуш сөзүн айтууга кажет барбы? Менин оюнча кажет жок?»,-деди.

«Пхеньян менен күч тили менен сүйлөшүүгө аракет кылгандар Түндүк Корея режимин күчтөндүрүүдө»,- деп уланткан Путин, аскердик чечүүчү жолду колдогондорду эскертип: «Түндүк Кореянын ядролук сыноо полигондору Орусиянын чек арасына 200 километр аралыкта, ошондуктан сыноолору Орусияны АКШдан дагы көп тынчсыздандырууда,-деди.



Тектеш кабарлар