Кытайдагы түндүк кореялыктар өлкөлөрүнө кайтышууда

Кытайда иштеген түндүк кореялыктар БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги санкция чечимдеринен кийин иштөө уруксаттарында маселенин чыгышы менен массалык түрдө өлкөлөрүнө кайтышууда.

820380
Кытайдагы түндүк кореялыктар өлкөлөрүнө кайтышууда

Кытайда иштеген түндүк кореялыктар БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги санкция чечимдеринен кийин иштөө уруксаттарында маселенин чыгышы менен массалык түрдө өлкөлөрүнө кайтышууда.

Түштүк Кореянын Йонхап агенттигинин Пекиндеги булактарынан алынган маалыматка таянып берген кабарында : «2017 -  жылдын биринчи жарымында Түндүк Корея чек арасындагы Дандонг шаарында эң аз 20 миң түндүк кореялык иштеп жаткан. Бирок Кытайдын түндүк Кореяга карата санкцияларды катуулаштырышынан кийин бул жерде иштеген Түндүк Корея жарандарынын саны маанилүү өлчөмдө азайды»,- деп билдирилди.

Мындан мурда Кытай соода министрлиги тарабынан берилген маалыматта жеке же Кытай фирмалары менен орток иш алып барган фирмалардын 12 -  сентябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан Түндүк Кореяга каршы чыгарылган санкция чечимдеринин алкагында 120 күндүн ичинде жабылары белгиленген болчу.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 12 -  сентябрда атомдук программасын жана баллистикалык ракета сыноолорун улантып жаткан Түндүк Кореяга ушул кезге чейинки эң катуу санкцияларды талап кылган чечим долбоорун бекитип, Түндүк Кореяга рафинерияланган нефть сатышына чектөө алып келген, жаратылыш газ жана эң чоң экинчи киреше булагы болгон текстиль экспортуна эмбарго жасалышын талап кылган долбоор добуш бирдиги менен кабыл алынган болчу.

 

 

 



Тектеш кабарлар