Түндүк Кореянын ок жүктөлгөн кемесин Египет токтотту

Египеттин тышкы иштер министрлигинин катчысы Ахмед Абу Зайд,Вашингтон посттогу «Танка атуучу октор жүктөлгөн кеменин багытынын Египет экени» жөнүндөгү айтымдарга токтолду.

819095
Түндүк Кореянын ок жүктөлгөн кемесин Египет токтотту

Египет, Түндүк Кореядан келген бир кемени Суец каналына кире электе токтотконун жана ичиндеги танка атуучу окторду жок кылганын жарыялады.

Египеттин тышкы иштер министрлигинин катчысы Ахмед Абу Зайд, «Вашингтон пост» гезитинде орун алган «АКШнын Каир бийлигин август айында Суец каналына жакын жерде бараткан белгисиз бир кеменин багытынын Египет экенин эскерткени» жөнүндөгү кабары тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Абу Зайд, БУУнун коопсуздук кеңешинин, Түндүк Корея тууралуу чыгарылган токтомунда Египеттин кызматташуусунан мактоо менен сөз кылганына көңүл бурду.

Аты аталган кабарда «Египет, БУУнун Түндүк Корея тууралуу чыгарган токтомуна баш ийбей жатат» деген сыяктуу көрүнүштү жаратууга аракет кылганын жактаган Абу Зайд: «Египет бийлиги, Түндүк Кореядан келген жана ичинде танка атуучу октор да орун алганы маалыматынын алынышынан кийин Кампучия желеги илинген бир кемени токтотту. БУУнун коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга киргизилген бардык санкциялардын байкалышы үчүн түзүлгөн 1718-Санкциялар комитетинен бир топ да орун алган убакта кемедеги жүктөр конфискацияланды жана жок кылынды»,-деп айтты.

Вашингтон посттогу «Танка атуучу октор жүктөлгөн кеменин багытынын Египет экени» жөнүндөгү айтымдарга токтолгон Абу Зайд, Санкциялар комитетинин отчетунда мындай маалымат эч орун албаганын билдирди.

Пхеньяндан бул тема тууралуу азырынча маалымат берилген жок.

Вашингтон постто кечээ орун алган кабарда АКШнын Каир башкаруучулугунун август айында Суец каналына жакын жерде бараткан кеменин багытынын Египет болгону түрүндө эскерткени белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар