Орус оппозициячылга абак жазасы

Алексей Навалниге 20 күн абак жазасы берилди.

819396
Орус оппозициячылга абак жазасы

Орусияда президент Путинге каршы чыгышы менен билинген оппозициячыл саясатчы Алексей Навалниге 20 күн абак жазасы берилди. Навалнинин катчысы оппозициячыл лидердин жыйын мыйзамын бузгандыгы үчүн сот тарабынан кылмышкер деп табылгандыгы жана өкүм чыгарылгандыгын жарыялады.

Навални твиттер эсеби аркылуу берген маалыматында сот тарабынан кылмыштуу деп  табылды деген сөздү көптөгөн жолу уккандыгын белгилеп, президент Путиндин өзүнөн корккондугун жана ушунун саясында үнүн чыгарбоого аракет кылгандыгын ортого салды. Навални жума күнү уруксатсыз бир митингге катышууга даярданууда деген негиз менен байкоого алынган болчу.

Орус мекемелери оппозициялык митингдерди өткөргөндөн мурда уруксаттын алынышынын шарт экендигин айтышууда. Навални болсо оппозициялык митингдердин конституция тарабынан коргоого алынган ой эркиндигинин негизинде каралышы керектигин жактап жатат.

Борбордук шайлоо кеңеши март айында өткөрүлө турган президенттик шайлоодо шарттуу бошотуудан улам Навалнинин талапкер болбой тургандыгын билдирген болчу.

Оппозициячыл лидер болсо бул кадамдын саясий бир маневр экендигин ортого салып, талапкер болууда катуу турат. Азырынча расмий түрдө билдирбегендигине карабастан шайлоодо Путиндин кайрадан талапкерлигин койоруна так көз менен каралууда.

 



Тектеш кабарлар