Түркия АКШга чакырык салды

Мүфтүоглу Науэрттин билдирүүсүнө жооп берди

816587
Түркия АКШга чакырык салды

Түркия АКШны 25-сентябрда Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунда өткөрүлгөн мыйзамсыз референдумга байланыштуу билдирүүсүнөн улам ачык жана так мамиле кылууга чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хүсейин Мүфтүоглу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Науэрттин «Түркиянын Ирактын Күрт аймагындагы референдум туурасында айткандарынын коркутуучу болушу мүмкүн» деген сөздөрүнө байланыштуу суроого жооп берди.

Мүфтүоглу жообунда буларды айтты: «Түркия Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугу тарабынан өткөрүлгөн мыйзамсыз референдумдан мурда жана андан кийин ачык жана так мамиле кылды. Бул мамиле Ирак элинин толугунун тынчтык жана ырааттуулугунун камсыздалышына, эл аралык укуктун жана Ирактын Баш мыйзамынын үстөмдүк кылышына, аймактык тынчтык жана ырааттуулуктун корголуусуна алдыңкылык берген принциптүү негизге таянат. Бул баскычта Ирактын саясий биримдүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн коргоого карата бардык эл аралык коомчулук ачык жана так мамиле кылуулары керек»,-деди.



Тектеш кабарлар