Йеменде холера эпидемиясы күч алды

Холерадан 2 миң 100 киши каза болду

816824
Йеменде холера эпидемиясы күч алды

Эл аралык гуманитардык жардам уюму Охфам, Йеменде апрель айынан бери 2 миң 100 кишинин өмүрүн алган холера оорусунун «тарыхтагы эң чоң эпидемия» экенин билдирди.

Охфамдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «27-апрелден бери оорунун себебинен каза тапкандардын саны 2 миң 100дөн ашып, ооруну жугузган 755 миң киши катталды. Бул тарыхтагы эң чоң сан»,-деп айтылды.

Билдирүүдө ооруну жугузуп алгандардын саны ноябрь айына чейин 1 миллион кишиге жетиши мүмкүн экени боюнча эскертүү айтылды.

Йеменде кагылышуулардын себебинен адамзаттык кризис болуп жатат.



Тектеш кабарлар