Кытайдан АКШ менен Түндүк Кореяга эскертүү

Түндүк Корея аскердик даярдыктарын тездетти

814396
Кытайдан АКШ менен Түндүк Кореяга эскертүү

АКШнын согуш жарыялаганын белгилеген Түндүк Корея аскердик даярдыктарын ылдамдаткандан кийин аймактын чоң күчү Кытайдан эскертүү айтылды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лю Кан, АКШ менен түндүк кореялык саясатчыларга кайрылды.

Эки тараптын тең аскердик ыкмалар менен чечүүчү жол таба албай тургандарын көрүүсү керектигин айткан Лю, Корея жарым аралында ыктымалдуу согуштун жеңүүчүсү болбой турганын белгиледи.

Катчы эки тараптын ортосундагы кайым айтышууну да туура көрбөгөндөрүн баса белгиледи.

Бир тараптан Түштүк Кореянын басма сөз органдары, Пхеньян башкаруучулугунун чыгыш чек арасына аскерлерин жыйганын жазып чыгышты.

Түштүк Кореянын чалгындоо кызматтарын булак катары көрсөткөн медиа органдары, Түндүк Кореянын чек арага аскердик учактарын жөнөткөнүн билдиришти. Бирок чалгындоо кызматтарынан бул маалыматты ырастаган билдирүү айтылган жок.



Тектеш кабарлар