Ирактын түндүгүндө мыйзамсыз референдум өткөрүлүп жатат
Аймакта добуш берүүлөр башталды.
Ирактын күрт аймактык башкаруусу (ИКАБ) Ирактын Федералдык сотунун конституцияга терс түшкөнүн жарыялаганына карабастан көз карандысыздык референдумун өткөрүүдө.
Аймакта добуш берүүлөр башталды.
ИКАБ бир жактуу түрдө чыгарган түркмөн жана арабдар бойкот кылышкан элдик добуш берүү үчүн Эрбил, Сүлеймание жана Духок облустары менен катар статусу талаштуу абалдагы Керкүк провинициясынын толугу Салахаддиндин Тузхурмату району, Дияланын Ханекин району менен Желавла жана Каратепе шаарчаларында шайлоо участкалары курулду.
Элдик добуш берүү кыска убакыт мурда террор уюму ДЕАШтын колунан алынган Мусул провинициясынын Синжар, Махмур, Телкейф, Хамдание, Шейхан райондору менен Зуммар, Рабия, Немруд жана Бартила шаарчаларында да өткөрүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.