Кытайдан Түндүк Кореяга чакырык

Тынчтык үчүн дагы деле үмүт бар

811841
Кытайдан Түндүк Кореяга чакырык

Кытай Түндүк Кореяны ядролук курал-жарактарды иштеп чыгуу темасында коркунучтуу багытта дагы да илгерилебөөгө чакырып, бул темада жалгыз жолдун сүлөшүү экенин билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг И өлкөсүн өкүлдүк кылып БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясынын алкагында сүйлөгөн сөзүндө, Түндүк Кореянын ядролук программасына да токтолду.

Сүйлөшүүлөрдүн Түндүк Кореянын ядролук программасына байланыштуу маселеге «жалгыз чыгуу жолу» мүмкүнчүлүгүн камсыздаганын белгилеген Ванг, бөлүнгөн Корея жарым аралынын эки тарабында тең жана Түндүк-Чыгыш Азиянын кандайдыр бир жеринде жаңы ядролук куралдардын болбошу керектигин айтты.

Министр Ванг Түндүк Кореяны коркунучтуу багытта дагы да илгерилебөөгө чакырык жатып, АКШнын убадаларын орундатышын өтүндү жана бардык тарапташтарды чыңалууну басаңдатууга чакырды.

Ванг: «Бардык тарапташтарды чыңалууну жоюу үчүн иштиктүү роль ойноого чакырабыз. Тынчтык үчүн дагы деле үмүт бар жана баш тартпашыбыз керек. Сүйлөшүү, ар бир аракетке арзыган жалгыз жол болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар