Каталониянын көз карандысыздык референдуму боюнча чыр-чатактар

Көп сандаган студент ураандарды чакырып колдорундагы плакаттары менен кошо университет имаратына кирип барышты.

812262
Каталониянын көз карандысыздык референдуму боюнча чыр-чатактар

Каталония автономдуу аймагында 1-октябрда өткөрүлүшү пландалган көз карандысыздык референдумунун алдында студенттер Барселона университетин басып алышты.

Көп сандаган студент ураандарды чакырып колдорундагы плакаттары менен кошо университет имаратына кирип барышты.

Студенттер бир тараптан референдум жана Каталоня туурасында ураандарды чакырып жатканда, экинчи тараптан да бир күн мурда камакка алынган 14 каталан саясатчынын эркин кое берилишин талап кылышууда.

Буга кошумча Испаниянын жандармериясы жүргүзгөн операцияларда камакка алынган жана элдик добуш берүүнүн өткөрүлүшүн уюштурууга аракет кылганы менен күнөөлөнгөн 14 жогорку рангадагы мамлекеттик кызматкерлерден 8и эркин кое берилди. Учурда камактагы 6 кишинин түшүндүрмөлөрү алынгандан кийин шарттуу түрдө кое берилүүлөрү күтүлүүдө.

Камакка алынгандардын 11ине Конституциялык соттун чечимине баш ийбөөчүлүк менен мамлекеттик кызматын жана акчасын кыянаттыкка колдонуу айыбы тагылууда.

Каталониянын жергиликтүү өкмөтү, камакка алынгандардын арасында болгон Экономика министрлигинин баш катчысы Жосеф Мария Жоувдун кызматынан кетирилгенин жарыялады.

Каталония өкмөтүнө жакын маалымат булактар, референдумга байланыштуу түзүлгөн Шайлоо кеңешинин да мүчөсү болгон Жоувдун Конституциялык соттун 12 миң евролук акчалай жазасынан кутулушу үчүн кызматынан алынганын айтышты.

14 кишинин камакка алынышынан кийин Барселона жана Каталонияда нааразылык акциялары уланууда.

Испания өкмөтү, көчөдө чыңалуу күчөгөн Каталонияга кошумча коопсуздук күчүн жөнөтүү чечимин чыгарды.

Каталония автономиялуу башкаруусунун өкмөт катчысы Хорди Турул: «Кошумча коопсуздукка муктаждыгыбыз жок жана муну бүткүл дүйнө көрүүдө. Испания өкмөтү Каталонияда болгондор тууралуу башкача түшүнүк жаратууга каракет кылууда»,-деп карышылыгын көрсөттү.

Испания өкмөтү Каталония автономиялуу башкаруусунун 1-октябрда өткөрүүнү пландаган көз карандысыздык референдумуна каршы чыгууда.

Каталония автономиялуу башкаруусунун лидери Чарлз Пуигдемонт, видео билдирүүсүн жарыялап көз карандысыздык референдумунун бардык мыйзамдык тоскоолдуктарга жана полициялык операцияларга карабастан 1-октябрда өтө турганын айтты.

Мадрид бийлиги болсо Каталониянын жооптуу кызматкерлерин «мыйзамсыз» деп жарыялаган элдик добуш берүүсүнөн баш тартууга чакырууда.

Элдик добуш берүүгө бөгөт коюу жөнүндөгү аракеттери да башкы оппозициядан да колдоо тапкан Испаниянын премьер-министри Ражой, элдик добуш берүүдөн баш тартылбаган учурунда каталан лидерлердин чоң чыгымга дуушар боло тургандары жөнүндө эскертүүлөрдү кылды.



Тектеш кабарлар