Эрдоган менен Трамп эртең жолугат

Нью-Йорктогу БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышына катышкан президент Режеп Таййип Эрдоган эртең 21-сенятбрда Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен жолугат.

810570
Эрдоган менен Трамп эртең жолугат

Эрдоган менен Трамптын жолугушуусу эртең болот...

Нью-Йорктогу БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышына катышкан президент Режеп Таййип Эрдоган эртең 21-сенятбрда Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен жолугат.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы көптөн бери көз караш айырмачылыктары болгон темалардын сүйлөшүлүшү күтүлүүдө. Эки өлкөнүн келише албаган темаларынын башында АКШнын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга курал жиберүүсү турат. Түркиянын санааркоолорун БУУнун башкы ассамблеясындагы кайрылуусунда да сөз кылган Эрдоган, ПЙД/ЙПГнын негизги максатынын ДЕАШ менен согушуу эместигин, айрым кызыкчылыктарын колго алуу экенин айткан.

Жолугушууда Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентябрда өткөрүүнү пландаган референдум темасы да каралат.

Айрыкча Вашингтон бийлигинен Фетуллахчы террор уюму жана анын корбашчысы тууралуу процесстин баштатылышы жана  кайтарып берүү талабы кайталанат.

Жолугушууда Эрдоган, Трампка Мьянмада армиянын жана улутчул буддисттердин аракандык мусулмандарга кыргын салгандары туурасында да маалымат берет.

 



Тектеш кабарлар