Тиллерсон менен Лавров Нью-Йоркто жолукту

Тиллерсон менен Лавров, Сириядагы аскердик операцияларда АКШ менен Орусиянын ортосундагы ок атышпоочулук темасын дагы бир жолу карап чыгышты.

809003
Тиллерсон менен Лавров Нью-Йоркто жолукту

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, БУУнун башка ассамблеясынын жыйналыштары үчүн барган АКШнын Нью-Йорк шаарында жолукту.

Тиллерсон менен Лавров, Сириядагы аскердик операцияларда АКШ менен Орусиянын ортосундагы ок атышпоочулук темасын дагы бир жолу карап чыгышты.

АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Хизер Науэр,Тиллерсон-Лавров жолугушуусу тууралуу жазуу түрүндөгү жарыясында, «Эки министр, Сириядагы аскердик операцияларда (эки өлкөнүн ортосундагы) ок атышпоочулук абалы, күч колдонуунун азайтылышы жана 2254 номердүү БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомуна ылайык Женева процессинин илгерилеши үчүн керектүү шарттардын түзүлүшү темаларын дагы бир жолу карап чыгышты»,делди.

БУУнун башкы ассамблеясынын жыйналышы үчүн Нью-Йоркто чогулган көп сандаган өлкөнүн лидерлеринин, Сирия жана Жакынкы Чыгыш темаларын кеңири карап чыгуулары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар