Кытай менен Орусия Ыраакы Чыгышта аскердик машыгуу өткөрө баштады

Кытай жана Орусия, Түндүк Кореяга жакын жерде бүгүн биргелешкен деңиз машыгуусун башташты.

809256
Кытай менен Орусия Ыраакы Чыгышта аскердик машыгуу өткөрө баштады

Кытай жана Орусия, Түндүк Кореяга жакын жерде бүгүн биргелешкен деңиз машыгуусун башташты.

Кытайдын расмий маалымат агенттиги Синхуа, биргелешкен аскердик билим берүү машыгуусунун Орусиянын чыгыш порту Владивостоктун жээгиндеги Улуу Петр булуңу менен Япониянын түндүгүндөгү Охотск деңизинин түштүк жагынын арасында боло турганын жарыялады.

Бул магышуу иш-чараларынын биринчи бөлүмү июль айында Балтика деңизинде болгон Кытай-Орус деңиз машыгуусунун уландысы мүнөзүндө...

Синхуа маалымат агенттигинин кабарында машыгуунун Түндүк Корея чыңалуусуна түздөн-түз байланышы болгонунан сөз кылынган жок, бирок Кытай жана Орусия маселеге сүйлөшүү жолу менен тынчтыкчыл чечим табылышы чакырыгын салышкан.

Жума күнү Япониянын үстүнөн учурган ракета менен эл аралык кысымды тоготпогонун көрсөткөн Түндүк Корея, 3-сентярда да алтынчы жана эң күчтүү ядролук сыноосун кылган.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ кечээ Нью-Йорк таймс гезитинде чыккан макаласында Түндүк Кореянын көп жолу баллистикалык ракета учурушунан кийин эл аралык жамааттын Түндүк Кореяга каршы биригүүсү жана санкцияларын ишке ашыруусун улантышы керектигин айтты.

Абэ, бул сыноолордун БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомдорун бузганын жана Түндүк Кореянын эми АКШны же Европаны бутага ала ала турганын көрсөткөнүн белгилеп өттү.

Түндүк Корея темасы бул аптада БУУнун башкы ассамблеясында каралат.

Ал эми АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли кечээки маалыматында, Коопсуздук кеңешинин колунда эми Түндүк Кореянын ядролук программасын токтотуш үчүн чара калбаганын жана АКШнын мындан кийин бул маселени Пентагонго өткөрө ала турганын айтты.



Тектеш кабарлар