Ирандагы түрктөр жана түрк тили боюнча талаптар

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-37

807947
Ирандагы түрктөр жана түрк тили боюнча талаптар

Ирандагы түрктөр жана түрк тили боюнча талаптар

Иранда перс тилин акцент менен сүйлөгөн перс болбогон улуттардын мүчөлөрүнүн мугалим болууларына бөгөт коюлушун көздөгөн жобо жарыяланды. Биз да бул жумадагы программабызда ушул жобону жана Ирандагы түрктөрдү талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Ирандын Улуттук билим берүү министрлиги жаңы жобо жарыялады. Буга караганда перс тилин акцент менен сүйлөгөн перс болбогон улуттар мугалим боло алышпайт. Эл аралык медиага да чагылган кабарларга караганда Ирандын Улуттук билим берүү министрлиги тарабынан жарыяланган текстте: «Ç, G, J, Q сыяктуу перс тамгаларынын айтылышын бузган жана оңдолушу мүмкүн болбогон оор диалектилери бар мугалимдердин, өзгөчө перс тили жана адабияты мугалими болууларына тыюу салынат», деген сөздөр орун алды.  Бул жерде белгиленген тамгаларды Иранда жашаган элдерден түрктөр гана колдонушат. Башка элдерден көп түрктөр менен арабдарды бутага алган бул түзөтүүдө айрыкча тукумсуз аялдардын да мугалим болуусуна тыюу салынганы белгиленди. Иран түрктөрү менен катар Иранда жашаган түрк жана араб улутундагы элдер бул жобого каршылык көрсөтүп жатышат. Ирандагы түрктөр социалдык медиа тармагы аркылуу «Мен түркем жана менин диалектим бар» деген жазуулар менен каршылык көрсөтүшүүдө.

Иран түрктөрүнүн бул маселеге көз караштары эки негизги багытка бөлүнгөн. Түрктөрдүн бир бөлүгү чечимге каршы чыгып, перс тилинин абдан маанилүү акын жана жазуучуларынын түрктөрдөн чыкканын баса белгилешүүдө. Буга Мевлана Желаледдин Руми эң негизги мисал катары көрсөтүлүүдө. Иран түрктөрүнүн көпчүлүгү болсо бул чечимдин өтө маанилүү эмес экенин, анткени Иранда жашаган түрктөрдүн негизги максатынын түрк тилинде билим берүү жана алуу экенин баса белгилешүүдө.

Учурда Иран түрктөрү отуз миллион чакты калкы менен Иранда перстер менен бирге эң күчтүү коомчулук болуп саналат. Түрктөр геосаясий абал, социо-маданий түзүлүш, экономикалык күч жана элдин көптүгү менен Ирандагы саясий өзгөрүүлөрдө алдыңкы ролду ойношту.

10-11-кылымдарда түрк селжуктук башкаруусунун астында огуздардын Азербайжанга көч агымы аймакта түрктөрдүн көбөйүшүнө өбөлгө түздү. 15-кылымга чейин Илханлы, Каракоюнлу жана Аккоюнлу мамлекеттеринин өкүмдарлык мезгилдеринде да Борбордук Азиядан аймакка көчүү уланды. Азербайжан түрктөрүнүн перс маданияты жана адабияты менен таанышуулары да ошол мезгилди көрсөтөт. Бирок түрктөрдүн исламдашуу процесси аяктаган бул мезгилде өзгөчө Иран-Азербайжан аймагы шииттердин көзөмөлүнө өтө элек болгондуктан Азербайжан секталык жактан да бүтүндүк ичинде болду. 1501-жылы Сафеви мамлекетинин түзүлүүсү менен аймактагы адамдардын өздүгү чоң өзгөрүүгө учурады. Азербайжан борбордуу курулган бул режим, Иранга маанилүү аймактык күч өзгөчөлүгүн берди. Айрыкча көпчүлүгү суннит болгон элдерге шиит сектасын кабыл алдырышты.

Аймакка андан кийинки жылдарда ээлик кылган Афшар жана Качар династиялары мезгилинде да түрктүк түшүнүгү менен шиит сектасы маанисин коргоду.

Аймакта жашаган түрктөр, кылымдар бою өлкөнүн сыртка ачылган каалгасы болуп чет өлкөлөрдө мамлекеттерин өкүлдүк кылышты жана батыш университеттерине биринчилерден болуп студенттерди жиберишти. Мында Азербайжан аймагы Иран менен бирге үч чоң империянын (Осмон империясы жана Орус падышачылыгы) кесилишкен жеринде орун алышы таасирдүү болду. Ушунун негизинде аймакта жашаган түрктөр үч мамлекеттин маданий өнүгүүлөрүн улантуу жана өз коомчулугуна чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Иранда көптөгөн кылымдар бою өкүм сүргөн түрк династиялык башкаруучулугу 20-кылымдын биринчи чейрегинде аяктады. Анын ордуна перс улутундагы Пехлевилер мезгили башталды. Бул өзгөрүү Иран түрктөрү үчүн маанилүү бурулуш жери болду. Бул мезгилде түрктөр ар түрдүү чектөөлөргө дуушар болушту. Пехлеви мезгилинде жактырылган перстешүү идеологиясы, аймакта жашаган түрктөр үчүн өздүктөрүн кайрадан ойлонуп көрүү жана режимге каршы туруу аракетин жаратты. Шах кулатылган процессте таасирдүү болгон түрктөр, Ислам төңкөрүш кыймылын жетектеген топтордун арасында орун алды.

Учурда түрктөр Иранда саясат жана экономикада таасирдүү абалда. Бирок түрк тилинин расмий тил болбошу, түркчө билим берүүгө уруксат берилбеши сыяктуу себептерден улам кээде Иран башкаруучулугу менен маселелер болуп турат.

Ирандагы түрктөрдү кандайдыр бир өлкөдөгү азчылык катары көрүү мүмкүн эмес. Анткени орто эсеп менен 1000 жылдан бери, Иран аймагынын саясий тарыхындагы окуялардын калыптанышында түрктөрдүн олуттуу ролу бар. Перс маданияты менен түрк маданияты Ирандын ичинде жана тышында байланышкан абалда. Бул эки байыркы маданияттын бири-бирине өз ара абдан маанилүү салымдары бар. Элдердин чогуу жашоолору үчүн бири-бирлерине карата урмат сый көрсөтүүлөрү керек. Иран башкаруу салты болгон тажрыйбалуу мамлекет болуп саналат. Эне тилде билим берүү жана басма сөз эркиндиги учурдун дүйнөсүндө негизги адам укуктарынын арасында орун алат. Иран мамлекетинин түркчө билим берүү жана түркчө телеберүү темаларында элинин талаптарына оң жооп берүүсү пайдалуу болот. Бул Иран менен катар аймактын ырааттуулугу үчүн маанилүү жылышты камсыздайт.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 

 



Тектеш кабарлар