"Ирма" бороонунда 18 киши каза болду

Үйлөрдүн 90 пайызы кулаган же зыян тарткан.

806357
"Ирма" бороонунда 18 киши каза болду

АКШнын Флорида аймагында болгон «Ирма» бороонунда каза болгондордун саны 18ге жетти.  Жекшемби күнкү «Ирма» бороонунан кийин Флоридага кайткандар үйлөрүн ордунда таба алышкан жок.

Үйлөрдүн 90 пайызы кулаган же зыян тарткан. Эң чоң маселе электрсиздик болууда. Жекшемби күндөн бери 6 миллионго жакын үй жана иш жерлерине электр бериле албай жатат.

Ак үй апаат аймагына кайрадан электрдин берилиши бир жумага созуларын билдирди. Флоридада күйүүчү май кыйынчылыгы болууда. Бирок аймакта аэропорттор чоң финансылык жоготууларыга карабастан кайрадан ачылды.

Бороондон улам 3 миң 500дөн ашуун каттам токтотулду. Адистер «Харви» бороону жана артынан келген «Ирма» бороонунун Америка экономикасына 290 миллиард доллар чыгым алып келерин болжошууда. Президент Дональд Трамптын бейшемби күнү Флоридага барышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар