Дональд Трамп мураскер принц Мухаммед бин Зайед Ел Наян менен сүйлөштү

Трамптын телефон сүйлөшүүсүндө Катар тууралуу улантылып жаткан келишпестиктерди чечүү аракеттерин карап чыккандыгы белгиленди.

806331
Дональд Трамп мураскер принц Мухаммед бин Зайед Ел Наян менен сүйлөштү

АКШнын президенти Дональд Трамп  Катар кризисин чечүү  аракетинин негизинде  Бириккен Араб Эмирликтеринин мураскер принци Мухаммед бин Зайед Ел Наян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ак үйдөн берилген маалыматка караганда Трамптын телефон сүйлөшүүсүндө Катар тууралуу улантылып жаткан келишпестиктерди чечүү аракеттерин карап чыккандыгы белгиленди.

АКШнын аймактагы өнөктөштөрүнүн ортосунда биримдиктин маанисин белгилеген Трамп террордук топторду финансылоону токтотуу, ашыкча идеологиянын күчүн жок кылуу жана террордун жеңилиши үчүн бардык өлкөлөрдүн  дагы көп салым кошушу керектигине көңүлдөрү бурду.

Трамп өткөн жуманын акырында да Сауд Аравиянын королу Селман бин Абдулазиз, Катар Эмири Темими бин Хамад Ал Сани жана Бириккен Араб Эмирликтеринин мураскер принци Ел Нахян менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүп Катар кризисинин чечилиши үчүн пикир алышууларда болгон.



Тектеш кабарлар