Кувейттен аракандык мусулмандарга карата жардам

Кол салууларда бутага алынган 60тан ашуун айыл өрттөлүп, он миңдеген аракандык мусулман да коопсуздуктан улам аймактан качууга аракет кылууда.

805023
Кувейттен аракандык мусулмандарга карата жардам

Кызылай коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы Хилал ес  - Сайир Мьянма армиясы жана буддист козголоңчулардын кол салуусуна учураган аракандык мусулмандар үчүн жардам кампаниясын башташкандарын айтты. Кувейттин гуманитардык жардамга муктаж элдерге маани бергендигин айткан Сайир төрт күнгө созула турган кампаниядан кийин чогулган жардамдардын Бангаладеш Кызылайы жана гуманитардык жардам мекемелери менен кызматташтык ичинде Бангладеш -  Аракан чек ара капкасына барган рохиньгияларга таркатыларын белгиледи.

Мьянма армиясынын куралдуу кишилер менен күрөшүү деген негиз менен Аракан аймагында улантып жаткан кол салууларында 25 -  августтан бери көп сандаган аракандык мусулман каза болду.

 Кол салууларда бутага алынган 60тан ашуун айыл өрттөлүп, он миңдеген аракандык мусулман да коопсуздуктан улам аймактан качууга аракет кылууда.

Жарандар кургактык жана деңиз жолу менен Мьянмадан Бангладешке өтүүгө аракет кылууда. БУУму ушул кезге чейин Бангладешке барган аракандык мусулмандардын санынын 290 миңге жеткендигин билдирди. Ошол эле учурда он миңдеген аракандык мусулмандын чек ара аймагындагы күтүүлөрү улантылууда.

 

 



Тектеш кабарлар