Чуулгандуу кибердик чабуул

Нью-Йорк биржасында хакерлердин торуна илинген фирманын акцияларында олуттуу төмөндөө болду.

803414
Чуулгандуу кибердик чабуул

Кибердик чабуулдардын коркунучу уланууда.

Каракчылардын акыркы бутасы «Equifax» аттуу Американын насыя отчетторун каттоочу фирма болду.

Фирма, кибердик кол салуудан орто эсеп менен 143 миллион кардарларынын маалыматтары таасирленгенин жарыялады.

Өткөн маалыматтардын арасында кардарлардын аттары, социалдык коопсуздук номерлери, туулган күндөрү жана айдоочулук документтери бар.

Бул жарыядан кийин Нью-Йорк биржасында бул фирманын акцияларында олуттуу төмөндөө болду.

Адистер 143 миллион кишинин жеке өздүк маалыматтарынын хакерлердин колуна өтүшүн чоң көлөмдөгү коопсуздук маселелери катары сереп салууда.

 



Тектеш кабарлар