Нетаньяху : "Араб өлкөлөрү менен кызматташтыгыбыз мынчалык чоң болгон эмес"

Израилдин премьер  - министри Латын Америка турунун негизинде Аргентина, Колумбия жана Мексикага барат. Андан кийин БУУнун Жалпы Кеңешинин жыйыны үчүн Нью – Йоркко барат.

802374
Нетаньяху : "Араб өлкөлөрү менен кызматташтыгыбыз мынчалык чоң болгон эмес"

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху өлкөсү менен аймактагы араб мамлекеттеринин ортосундагы карым – катнаштардын «окшошу болбогон» бир абалды көрсөткөндүгүн белгиледи.

Израилдин премьер  - министрлик катчысы Офир Гендельман тышкы иштер министрлигинде сүйлөгөн сөзүндө премьер  - министр Нетаньяхунун : «Араб өлкөлөрү менен карым – катнаштарыбызда болуп жаткан абал окшошу жок бир абал»,- дегендигин  билдирди.

Нетаньяху алдыдагы жумада Латын Америка жана Нью – Йоркко сапар менен барат. Нетаньяху Латын Американы зыярат кылган биринчи Израиль премьер  - министри  болот. Нетаньяху 25 жыл мурда Израилдин элчилиги бомбаланган Аргентинага да барат.

Израилдин премьер  - министри Латын Америка турунун негизинде Аргентина, Колумбия жана Мексикага барат. Андан кийин БУУнун Жалпы Кеңешинин жыйыны үчүн Нью – Йоркко барат.

 



Тектеш кабарлар