Владивостокто Орусия менен Түндүк Кореянын делегациялары сүйлөшөт

Владивостокто Чыгыш Экономикалык форуму өтүп жатат

802335
Владивостокто Орусия менен Түндүк Кореянын делегациялары сүйлөшөт

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Орусия менен Түндүк Кореянын делегацияларынын Владивостокто уланып жаткан Чыгыш Экономикалык форумунда сүйлөшүү өткөрүшү мүмкүн экенин айтты.

Орус басма сөзүнө маек куруп берген Лавров Москва менен Пхеньян делегацияларынын Владивостоктогу Чыгыш Экономикалык форумунда экономикага байланыштуу темалар туурасында сүйлөшүү өткөрүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Лавров: «Түндүк Кореянын форум делегациясында экономикалык блоктон өкүлдөр бар. Биздин делегациябызда да экономикага тиешелүү Министрликтерибиз жана өкүлдөрүбүз бар»,-деди.

Владивостокто бүгүн башталган жана эртең улана турган Чыгыш Экономикалык форумуна 50 өлкөдөн 3500 кишинин катышаары күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар