Түндүк Кореянын акыркы сыноосу жер көчкүлөрдү кошо ала келди

Түндүк Кореянын 3-сентябрдагы ядролук сыноосунун жер көчкүлөргө себеп болгону маалымдалууда.

802337
Түндүк Кореянын акыркы сыноосу жер көчкүлөрдү кошо ала келди

Түндүк Кореянын 3-сентябрдагы ядролук сыноосунун жер көчкүлөргө себеп болгону тууралуу спутник көрүнүштөрү жарыяланды.

Түндүк Кореянын атомдук жана куралдануу иш-аракеттерин спутниктен байкаган «38 North» аттуу анализ тобунун интернет барагында орун алган жарыяда, спутник көрүнүштөрүндө Түндүк Кореянын ядролук сыноосунан кийин сыноо кылынган Punggye-ri станциясы менен жакын жерлеринде бир топ жерде жер көчкүсү белгиленгени жарыяланды.

Спутник көрүнүштөрүнүн сыноодон бир күн кийин алынганын белгилеген жарыяда, атомдук станциянын айланасындагы ар түрдүү аянттарда да жасалма жер титирөөлөрдүн себебинен жерден асманга кум жана шагылдар учканы көрүнгөнү белгиленди.

Анда атомдук станциянын эң жогорку жери Мантап тоосуна жакын жерде да деформациялар болгонуна көңүл бурулуп, «Бул деформациялар Түндүк Кореянын мындан мурдагы 5 сыноосунан келип чыккан деформациялардан дагы чоң жана кеңири»,деген сөздөргө орун берилди.

Анда айрыкча айрым адистердин ядролук сыноонун натыйжасында станциянын астындагы бир туннелдин жарылганы жөнүндөгү айтымдар боюнча көрүнүштөрдө мындай нерсе кездешилбегени маалымдалды.

Түндүк Корея 3-сентябрда континенттер аралык баллистикалык ракетага дүрмөттөлгөн суутек бомбасын сынаганын жарыялаган.

Сеул башкаруучулугу, Пхеньяндын 2006-жылдан бери болуп келген 6-ядролук сыноосунун ушул убакка дейре болгон эң күчтүү ядролук сыноо болгонун билдирсе, АКШнын геологиялык изилдөөлөрү сыноонун 6,3 баллдык жер термелүү жаратканын маалымдаган.

 



Тектеш кабарлар