Канададан Мьянма билдирүүсү

Канада Мьянманын коопсуздук күчтөрүнө чакырык салды

802175
Канададан Мьянма билдирүүсү

Канада Мьянмадагы жагдайдын терең капага салганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын, өткөн айда күч колдонуу окуялары башталгандан бери 123 миңден ашуун баш калкалоочунун Мьянмадан Бангладешке качкандыгы жөнүндөгү отчету эске салынып, Канаданын бул абалга катуу капа болгону белгиленди.

Билдирүүдө: «Мьянманын коопсуздук күчтөрүн, бардык жарандардын коопсуздугун жана корголушун камсыздоого чакырабыз. Канада, коопсуздук күчтөрүнүн Рохингия элине каршы олуттуу адам укуктарын бузууларын көрмөксөнгө сала албайт»,-деген сөздөр орун алды.


Этикеткалар: #Мьянмадагы , #БУУнун

Тектеш кабарлар