Түндүк Кореянын элчиси менен АКШнын элчиси БУУда кайым айтыша кетти

Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлү Хан Тэ Сон, өлкөсү эч кандай шарттын астында атомдук программасынан баш тарта турганын сүйлөшүү үстөлүнө алып барбай турганын билдирди.

801609
Түндүк Кореянын элчиси менен АКШнын элчиси БУУда кайым айтыша кетти

Түндүк Корея акыркы атомдук сыноодон кийин да баш тартып койгон жери жок.

Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлү Хан Тэ Сон, Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн куралсыздануу конференциясында сүйлөгөн сөзүндө, «2 күн мурда Түндүк Кореянын стратегиялык атомдук күчүн куруу планынын алкагында континенттер аралык баллистикалык ракета менен суутек бомбасын сыноосун ийгиликтүү түрдө аткарганын айтуу мен үчүн сыймык»,-деди.

Өлкөсү тарабынан аткарылган акыркы мыйзамдуу коргонуу кыймылынын АКШга белек кутусу экенин белгилеген Хан: «АКШ, тоготпогон провакациялары жана Түндүк Кореяга кысым көрсөтүү максатында бекер аракеттери уланган сайын дагы көп белек кутусун алат»,-деп айтты.

Өлкөсү тарабынан көрүлгөн аскердик чаралардын «АКШнын ондогон жылдардан бери уланган жана улам күчөгөн коркутуусу жана Түндүк Кореяны изоляция кылуу максатында душмандай саясатына каршы «мыйзамдуу коргонуу укугу» экенин жактаган Хан: «Өлкөмдүн үстүндөгү кысым же санкциялар эч качан ишке жарабайт. Түндүк Корея эч кандай шарттын астында атомдук программасынан баш тарта турганын сүйлөшүү үстөлүнө алып барбайт»,-деди.

АКШнын куралсыздануу боюнча элчиси Роберт Вуд болсо, «БУУнун коопсуздук кеңешиндеги шериктештерибиз менен Түндүк Кореяга карай эң күчтүү санкцияларды киргизе турган жаңы чечим үчүн иштөөнү төрт көз менен күтүүдөбүз. Түндүк Корея режиминин ядролук жана ракеталык программасында илгерилөөсү бардыгыбызга коркунуч болуп саналат. Эми сынооллордо коркунучтарга жана  ыраатсыздаштыруучу кыймылдарга дагы көп толеранттуулук көрсөтүлбөй турганын айтуунун убагы келди»,-деди.



Тектеш кабарлар