Трамп, Түндүк Кореяга кысымды күчөтүү керектигин ойлоодо

Дональд Трамп, Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Түндүк Корея тууралуу сүйлөшүү өткөрдү.

801141
Трамп, Түндүк Кореяга кысымды күчөтүү керектигин ойлоодо

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Түндүк Корея тууралуу сүйлөшүү өткөрдү.

Ак үйдүн эки башка жазуу түрүндөгү жарыясында Трамптын Түндүк Кореянын 3-сентябрдагы суутек бомбасын сыноосуна каршы Мун жана Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнү, лидерлердин Түндүк Кореянын коркутуусуна каршы биргелешкен мамиле көрсөткөндөрү белгиленди.

Трамп-Муун сүйлөшүүсүндө Түндүк Кореянын бүткүл дүйнөгө каршы коркунуч туудурганы баса белгиленген жарыяда, «Эки лидер, колдорундагы бардык инструменттерди колдонуп Түндүк Кореяга карай кысымдын күчөтүлүшү темасында макулдашты»,делди.

Анда, АКШ жана Түштүк Кореянын ортосундагы биргелешкен аскердик күчтүн арттырылышы да күн тартипке келгени айтылып, «Президент Трамп, Түштүк Кореянын ракета орнотуу өлчөмүндөгү чектөөлөрүнүн жоюлушу темасын принцип катары колдоду. Президент Трамп ошол эле учурда АКШдан Түштүк Кореяга миллиарддаган доллардык курал сатылышы темасын да термин жагынан алганда бекитти»,деген маалымат бөлүшүлдү.

Трамп менен Меркелдин ортосундагы сүйлөшүү тууралуу жарыяда болсо, «Эки лидер тең, Түндүк Кореянын уланган ченемсиз жана коркунучтуу кадамын сынга алышты. Бириккен Улуттар Уюму багытындагы жакын координациянын маанисине көңүл бурушту. Президент Трамп, бул акыркы провакациянын бир гана эл аралык коомчулуктун Түндүк Кореянын тыюу салынган кыймылдарына каршы чечкиндүүлүгүн арттырууга кызмат кыла турганын баса белгиледи»,делди.

Анда, сүйлөшүү учурунда Түндүк Кореяга каршы бардык альтернативалардын үстөлдө болгону айтылганы да белгиленди.



Тектеш кабарлар