Ирактын ар тарабында ДЕАШка каршы операциялар жүргүзүлүүдө

Ирактын ар башка аймактарында жүргүзүлгөн операцияларда ДЕАШка мүчө 61 террорист жок кылынды.

801174
Ирактын ар тарабында ДЕАШка каршы операциялар жүргүзүлүүдө

Ирактын ар башка аймактарында жүргүзүлгөн операцияларда ДЕАШка мүчө 61 террорист жок кылынды.

Ирактын коргоо министрлиги жана мамлекеттик телеканалы армияга караштуу 15-Жөө аскерлер дивизиясынын түркмөндөрдүн Телаферге караштуу Эл-Аййадийе районунун түндүк-батышы жана чыгышында жүргүзгөн операцияларында 55 террористтин жок кылынганын жарыялады.

Пешмерге күчтөрүндө кызмат кылган капитан Камран Махмуд да, Керкүктүн түштүк-батышындагы Хавиже районуна караштуу Эр-Рияд жергесинде ДЕАШка таандык 5 унаалык бир конвойго чабуул коюп алгачкы белгилөөлөргө караганда 6 террористтин жок кылынганын айтты.

Бир тараптан борбор шаар Багдадда, Эд-Деваним аймагында бир райондук базарды бутага алган бомбалуу кол салууда 2 жаран каза тапты, 5и жаракат алды.

Эл-Меамил аймагында болсо бир аял ким экени белгисиз куралчан кишилер аткан октон жаракат алды.



Тектеш кабарлар