БУУда Түндүк Корея талкууга алынды

БУУнун коопсуздук кеңеши, АКШ, Жапония, Франция, Англия жана Түштүк Кореянын талабы боюнча Түндүк Кореянын жекшемби күнү континенттер аралык баллистикалык ракетага дүрмөттөлгөн суутек бомбасын сыноосун сүйлөшүү үчүн шашлыш чогулду.

801356
БУУда Түндүк Корея талкууга алынды

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Лю Цзеи, Түндүк Кореянын суутек бомбасын сыносуна байланыштуу өлкөсүнүн Корея жарым аралында баш аламандык жана согушка эч качан уруксат бербей турганын айтты.

БУУнун коопсуздук кеңеши, АКШ, Жапония, Франция, Англия жана Түштүк Кореянын талабы боюнча Түндүк Кореянын жекшемби күнү континенттер аралык баллистикалык ракетага дүрмөттөлгөн суутек бомбасын сыноосун сүйлөшүү үчүн шашлыш чогулду.

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Лю, кеңештеги сөзүндө Түндүк Кореянын ядролук ракета сыноолору себеп болгон кризистин жана күчөгөн чыңалуунун сүйлөшүү жолу менен чечилүүсү чакырыгын салды.

Лю: «Кытай, Корея жарым аралында баш аламандык жана согушка эч качан уруксат бербейт»,-деп айтты.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли да, Түндүк Кореянын лидеринин согушуу үчүн жалбарып жатканын айтты.

Хейли, 20 жылдан бер долбоорлоп келгенин белгилеп: «Эми дагы көп чээнден чыгууларга дагы күчтүү чараларды колдонуунун убагы келди»,-деди.

Хейли, Түндүк Корея менен соода карым-катнаштары болгон өлкөлөрдү белгилеп чектөө киргизе тургандарын да кошумчалады.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия да, «Аймакта тынчтык олуттуу коркунуч астында жана ысык сахнага айланган бул коркунуч ар дайым болгондон дагы чоң»,-деп айтты.

Небензия, БУУнун коопсуздук кеңешинин чечимдерин эске албаган Түндүк Кореянын күчтүү түрдө айыпталышы керектигин белгилеп, кризиске саясий жана дипломатиялык чечим табылышы боюнча чакырык салды.

Франциянын БУУдагы туруктуу өкүлү Франсуа Делаттре да Түндүк Кореянын атомдук коркунучунун «өлчөмүн өзгөрткөнүн» белгилеп, бул өлкөгө жаңы экономикалык санкцияларды киргизүү сунушун айтты.

Англиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Мэтью  болсо эл аралык коомчулуктун Түндүк Кореянын чыңалууну азайткан учурунда диалогго даяр боло турганын айтты.

Бул аптада кеңеш кайрадан чогулат жана түзүлө турган долбоор текст бекитилет.

Текстте санкциялардын үчүнчү өклөлөргө чейин кеңейтиле турганы белгиленген.



Тектеш кабарлар