Түштүк Корея Түндүк Кореяга ракета учуруп жооп кайтарды

Түштүк Кореянын армиясы Түндүк Кореяга жооп иретинде «Hyunmoo» баллистикалык ракеталары жана F-15K согуштук учактарын да камтыган аскердик машыгуу өткөрдү.

800909
Түштүк Корея Түндүк Кореяга ракета учуруп жооп кайтарды

Түштүк Корея, кечээ суутек бомбасын сынаган Түндүк Кореяга жооп иретинде баллистикалык ракетасын учурду.

Йонхап агенттигинин маалыматына караганда Түштүк Кореянын армиясы Түндүк Кореяга жооп иретинде «Hyunmoo» баллистикалык ракеталары жана F-15K согуштук учактарын да камтыган аскердик машыгуу өткөрдү.

Түштүк Кореянын башкы штаб төрагалыгы, кыска аралыкка кургактыктан кургактыкка жана узун аралыкка абадан кургактыкка учуучу 2 баллистикалык ракетанын ачык деңиздеги бутасын таамай атканын жарыялады.

Бир тараптан Түштүк Кореянын улуттук чалгындоо кызматы (NIS), Парламенттеги жабык эшик артындагы жыйналышта Пхеньяндын өлкөнүн курулган күнү болгон 9-сентябрда же Кореянын жумушчу партиясынын түзүлгөн күнү болгон 10-октябрда Түндүк Тынч океанда материктер аралык баллистикалык ракета учура ала турганы санааркоосун бөлүштү.

Түштүк Кореянын улуттук чалгындоо кызматы (NIS),Түндүктүн бул ракеталарды стандарт ок жолун байкай тургандай түрдө учура ала турганын маалымдады.

Түндүк Корея июль айында 2 ICBM учурган, бирок Япония сыяктуу өлкөлөрдүн үстүнөн өтүшүнүн алдын алуу үчүн ракетанын учуу багытын жогорулаткан.

Пхеньян өткөн аптада болсо орто аралыкка учуучу Hwasong-12 ракетасын учурган, бул ракета Япониянын үстүнөн өткөн.

Түндүк Корея кечээ эртең менен континенттер аралык баллистикалык ракетага жүктөлө алган суутек бомбасын сынады.

Сеул бийлиги, Пхеньяндын 2006-жылдан бери сынаган 6- ракеталык сыноосунун ушул убакка дейре аткарган эң күчтүү атомдук сыноо болгонун билдирип, АКШнын геологиялык изилдөөлөрү бул сыноонун себебинен Түндүк Кореяда 6,3 баллдык жер термелүүсү болгонун жарыялаган.



Тектеш кабарлар