Түндүк Кореяга АКШ жооп кайтара турганын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Жеймс Маттис, Ак үйдүн бакчасында маалымат жыйын өткөрдү.

800697
Түндүк Кореяга АКШ жооп кайтара турганын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Жеймс Маттис, өлкөсүнө же шериктештерине карай коркунуч болгон учурунда Түндүк Кореяга «абдан катуу аскердик жооп кайтара» тургандарын айтты.

Жеймс Маттис, Ак үйдүн бакчасында өткөргөн маалымат жыйынында Түндүк Кореяны эскертти жана «АКШга, Гуам менен кошо жерлерине же шериктештерибизге карай кандайдыр бир коркунуч болсо абдан катуу аскердик жооп кайтарабыз»,-деп айтты.

Түндүк Кореянын БУУнун коопсуздук кеңешинин критерийлерине баш ийиши керектигин баса белгилеген Маттис, буларды айтты: «Ким Чен Ын, БУУнун коопсуздук кеңешинин биргелеше айткан үнүнө кулак салышы керек. Бардык мүчө өлкөлөр Түндүк Кореянын коркунучуна каршы бириккен абалда жана Түндүк Кореянын аймакта ядролук программасын таштоосу пикиринде биригишти. Анткени биз кайсы бир өлкөнүн толугу менен жок болушун каалабайбыз, атын аташ керек болсо бул Түндүк Корея»,-деди.

АКШнын Түндүк Кореяга карата «көп сандаган аскердик альтернативалары» бар экенин баса белгилеген Маттис, президент Дональд Трамп менен бул тема боюнча сүйлөшө тургандарын айтты.

Трамп болсо Түндүк Кореяга карата операция жасап жасабай турганы суралганда, «Көрөбүз» деген жоопту берген.

Буга кошумча АКШ, Жапония, Франция, Англия жана Түштүк Корея, Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракеталарга шайкеш кичине суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын жарыялоосунан кийин БУУнун коопсуздук кеңешин «шашылыш чогулушка» чакырган.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, бул темада сүйлөгөн сөзүндө жыйналыштын бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 17:00де баштала турганын жарыялады.

Эл аралык Атом энергиясы боюнча агенттигинин жетекчиси Юкия Амано, Түндүк Корея Деморкатиялык Элдик Республикасынын кечээки сыноосунун абдан ойго чөмүлтүүчү мамиле экенин айтты.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш да, Түндүк Кореяны катуу айыптап, эң акыркы сыноону өлкөнүн жоопкерчиликтерин орундатпай «олуттуу бузууларды» кылганы менен сындады.

2016-жылдын сентябрь айынан бери 6-жолу атомдук сыноосун кылган Түндүк Корея, сыноонун «ийгиликтүү» болгонун жарыяласа, АКШнын геологиялык изилдөөлөрү бул сыноонун себебинен Түндүк Кореяда 6,3 баллдык жер термелүүсү болгонун жарыялаган.



Тектеш кабарлар