Астана жыйыны 14 - 15 - сентябрда өткөрүлөт
Астанадагы жыйында коопсуз аймактардагы коопсуздук күчтөрүнүн аткарган иштери караларын белгиледи.
Сириядагы жарандык согушту токтотуу үчүн Астана жыйыны 14 – 15 - сентябрда өткөрүлөт. Бул тууралуу маалыматты берген Казакстандын тышкы иштер министрлиги Казакстандын борбор шаары Астанадагы жыйында коопсуз аймактардагы коопсуздук күчтөрүнүн аткарган иштери караларын белгиледи. Маалыматта Идлибдеги текшерүү күчтөрүнүн түзүлүшү боюнча иштердин улантылары билдирилди.
Идлиб Хомс жана Чыгыш Гутадагы коопсуз аймактардын кенен түрдө пландалышы жана туткундарды алмаштыруу темаларынын каралышы күтүлүүдө. Тараптар айрыкча Сирияда ЮНЕСКОнун маданий мурас тизмесиндеги аймактардын да миналардан тазаланышы тууралуу маалыматтарды алышат.
Кепил өлкөлөр Түркия, Иран жана Орусия 13 - сентябрда техникалык сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.
4 – 5 - июлдагы акыркы Астана жыйынында коопсуз аймактар тууралуу орток иш алып баруу тобун түзүү жана сүйлөшүүлөрдү улантуу чечими чыгарылган болчу.