АКШнын согуштук учактары Түштүк Кореяда машыгуу өткөрдү

АКШ Түндүк Кореяга жооп кайтарды

799633
АКШнын согуштук учактары Түштүк Кореяда машыгуу өткөрдү

АКШ Түндүк Кореянын орто аралыкка атуучу ракеталык сыноосуна жооп иретинде, Түштүк Кореянын армиясы менен бирге Тынч океандагы базасынан учкан согуштук учактарынын катышуусунда машыгуу өткөрдү.

АКШнын Гуам аралындагы «Андерсен» аба базасынан учкан В-1В үлгүсүндөгү 2 оор согуштук учагы жана Япониядагы «Ивакину» базасынан учкан 4 даана Ф-35 учагы, Түштүк Кореянын чыгышындагы аскердик аймакта Түндүк Кореянын орчундуу жерлерин өкүлдүк кылган буталарды бомбалоо машыгуусуна катышты.

Машыгууда чыныгы бомбалар колдонулду.

Аскердик машыгуунун, эки өлкө Түндүк Кореянын Япониянын үстүнөн Тынч океанга учурган орто аралыкка атуучу ракеталык сыноосуна жооп иретинде өткөргөндөрү билдирилди.

Түндүк Кореянын сыноосуна Япония менен катар аймак өлкөлөрү жана АКШ каршылык көрсөтүшкөн болчу.



Тектеш кабарлар