АКШ-Орусия чыңалуусу

Вашингтон Москвага жооп кайтарды

799790
АКШ-Орусия чыңалуусу

АКШ менен Орусиянын ортосунда эки тараптуу дипломатиялык жооп кайтарууларга дагы жаңысы кошулду.

Москванын өткөн айда Американын дипломаттарынын көчүлүгүнүн өлкөдөн чыгып кетишин талап кылышына Вашингтон жооп кайтарды.

Трамп башкаруучулугу Орусиядан Сан- Францискодогу консулдугун жабышын талап кылды.

Айрыкча Вашингтон менен Нью-Йорктогу эки консулдук имаратынын да жабылуусу үчүн 48 сааттык мөөнөт берди.

Ошондой эле орус дипломаттардын санынын азайтылышы да тизмеде.

Эки өлкөнүн карым-катнаштары,  2016-жылдагы президенттик шайлоого Москванын кийлигишкендиги жөнүндөгү айтымдар боюнча чыңалган.

Тараптар эки жактуу түрдө дипломатиялык миссияларынын кыскартылышын каалады.

Акыркы жолу Орусия өткөн айда 755 америкалык дипломаттын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган болчу.



Тектеш кабарлар