Сергей Лавров менен Рекс Тиллерсондун телефон аркылуу сүйлөшүүсү
Сүйлөшүүдө Түндүк Кореянын жаңы ракета сынагы тууралуу абалдардын каралгандыгы белгиленди.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШлык кесиптеши Рекс Тиллерсон өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Түндүк Кореянын жаңы ракета сынагы тууралуу абалдардын каралгандыгы белгиленди.
Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Сүйлөшүүдө Түндүк Кореянын кечээ ишке ашырган ракета сынагы орун алды. Тараптар бул кадам менен Пхеньяндын дагы бир жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бир топ чечимин бузгандыгын аныктады»,- деп айтылды.
Корея жарым аралындагы араздашууну ашып өтүү үчүн саясий жана дипломатиялык жолдордун альтернативсиз экендигин баса белгилеген Лавров тескери жыйынтыктарды жарата турган бардык аскердик кадамдардан алыс туруу керектигин айтты.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.