Индияда имарат кулады
Урандылар астында ондогон кишинин калгандыгы болжолдолууда.
799149
Индиянын Мумбай шаарында Бхенди Базаар аймагында 5 кабаттуу бир имараттын кулашы менен 12 киши каза болуп, ондогон киши уранды астында калды. Изилдөө - куткаруу иштери улантылууда.
Жетекчилер имараттын пайдубалынын үзгүлтүксүз жамгыр жаашынан улам жумшаргандыгын жана имараттын ушул себептен кулашы мүмкүн экендигин айтышууда.