Ирак менен Иорданиянын ортосундагы Трайбил чек ара капкасы ачылды

Трайбил чек ара капкасы ДЕАШ кол салууларынан улам 2015 -  жылы жабылган болчу.

798924
Ирак менен Иорданиянын ортосундагы Трайбил чек ара капкасы ачылды

Ирак менен Иордания өкмөттөрүнөн берилген орток маалыматта Ирак менен Иорданиянын ортосундагы Трайбил чек ара капкасынын кайрадан ачылгандыгы билдирилди. Жазуу түрүндөгү маалыматта : «Ирак куралдуу күчтөрүнүн өлкө территорияларын куткарып, эгемендигин түзгөн бул мезгилде эки өлкөнүн карым – катнаштарынын бардык тармактарда өнүктүрүлүшү жана элдер ортосундагы бир туугандык байланыштардын күчтөндүрүлүшү үчүн Трайбил чек ара капкасынын кайрадан ачылышына чечим чыгарылды»,- деп айтылды.

Эки өлкөнү бири бирине байланыштырган эл аралык кургактык жолунун ДЕАШтан тазалангандыгы белгиленген маалыматта чек ара капкасынын ачылышы менен «адамзаттык, экономикалык, соода карым – катнаштарда аттоо болору жана бири бирине карата кыймыл кылуу жеңилдигинин түзүлөрү» айтылды.

Ирак менен Иорданиянын ортосундагы Трайбил чек ара капкасы ДЕАШ кол салууларынан улам 2015 -  жылы жабылган болчу.



Тектеш кабарлар