Германияда террордук кол салууга карата эскертүү

Немис федералдык кылмыш мекемеси BKA батыш өлкөлөрүндө поезддерге карата ыктымалдуу террордук кол салуу тууралуу эскертти.

798873
Германияда террордук кол салууга карата эскертүү

Немис федералдык кылмыш мекемеси BKA батыш өлкөлөрүндө поезддерге карата ыктымалдуу террордук кол салуу тууралуу эскертти.

Funke медиа группасына маалымат берген BKA жетекчиси  террордук уюмдардын барган сайын эң көп темир жолдоруна саботаж жана ушундайча каттамдар учурунда поезддердин  рельстерден чыгышына мүмкүнчүлүк түзүү деген ойго келгендигин белгиледи.  

Террордук уюм Аль Каиданын бир журналда батыштык өлкөлөрдө темир жолдоруна саботаж кылууга чакыргандыгын белгилеген жетекчи : «Так түрдө Германия менен байланышы болбосо да мындай кол салуулар бул жерде да болушу мүмкүн»,- деди.

Жетекчи террордук уюм ДЕАШка жакындыгы менен билинген бир интернет сайтында да июль айында Европада поезддердин рельстен чыгартылышы талкуулангандыгын белгилеп, өткөн жылы Bad Aibling шаарында  болгон, 12 киши каза болгон, көп сандаган киши жараланган поезд кырсыгы сыяктуу окуялардын бул сайтта «кааланган максат» катары көрсөтүлгөндүгүн билдирди.

Жетекчи бардык бул абалдарга карабастан Германияда мындай террордук кол салуу боло турганы тууралуу так маалыматка болсо ээ болушпагандарын сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар