БУУнун баш катчысы Рамаллахта

Антонио Гутерреш Батыш Шерианын Рамаллах шаарына барып Израиль абактарындагы кээ бир палестиналык туткундардын жакындары менен жолугушту.

798824
БУУнун баш катчысы Рамаллахта

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Батыш Шерианын Рамаллах шаарына барып Израиль абактарындагы кээ бир палестиналык туткундардын жакындары менен жолугушту.

Үй  - бүлөлөр БУУнун баш катчысы Гутеррештен палестиналык туткундардын жан коопсуздугунун түзүлүшү үчүн олуттуу жана чыныгы кадамдарды таштоосун, эркин койо берилиши үчүн кысым жасоосун талап кылышты.

Абактагылардын үй  - бүлөлөрү Израиль абагынын башкаруусунун «медициналык жардам көрсөтпөө, админстративдик камоо, аял, бала жана депутаттардын камалышы, шейит жаназаларынын берилбеши» сыяктуу маселелер менен бетме  - бет экендигин билдиришти.

Гутерреш : «Палестиналык туткундардын абалын түшүнүп турабыз. Тийшитүү жерлер жана жооптуулар менен бул кыйынчылыктарды жоюга аракет кылабыз»,- деди.

Ошол эле учурда Палестина туткундар жана эркин койо берилгендер делегациясынын төрагасы Иса Каракиндин да Гутеррештен Израилдин палестиналык туткундарга карата эреже бузууларын карап чыгуу үчүн БУУнун Жалпы Кеңешинин чогулушун талап кылгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар