Родостон ыргытылган шише Газага барды

Грециянын Родос аралында эс алып жатып жазган катын шишеге салып деңизге ыргыткан Англиянын жараны эки киши менен шишени тапкан газалык балыкчы социалдык медиа аркылуу дос болушту.

794566
Родостон ыргытылган шише Газага барды

Грециянын Родос аралында эс алып жатып жазган катын шишеге салып деңизге ыргыткан Англиянын жараны эки киши менен шишени тапкан газалык балыкчы социалдык медиа аркылуу дос болушту.

Родосто эс алган эки кишинин шише ичинде деңизге ыргыткан кат Газа жээктеринде бир балыкчы тарабынан табылды. Балыкчы Жихад Султан бир жума мурда Газа жээгинде балык уулап жатып шише ичине салынган катты тапкандыгын айтты. Султан катта англис тилинде : «Саламатсызбы? Шишени суудан алганыңыз үчүн рахмат. Биз Грециянын Родос аралында эс алуудабыз. Каттын каякка чейин барарына кызыктык жана табылганы үчүн абдан кубандык»,- деп жазылган.

Каттын Англия жараны Бет жана Зек аттуу эки дос тарабынан жазылып 4 -  июль күнү Родостон сууга ыргытылгандыгын билдирген Жихад Султан : «Катка жазылган е – почта адреси менен байланышка өттүк. Газа жээгине чейин келгендиктен абдан бактылуу болушту. Эми болсо социалдык медиа аркылуу дос болдук»,- деди.



Тектеш кабарлар