Орусия жана АКШ Сирияда сүйлөшүп алып операция жүргүзүүдө
Бул тууралуу АКШлык жогорку рангадагы жооптуу кызматкер Рейтерске маалымат берди.
![Орусия жана АКШ Сирияда сүйлөшүп алып операция жүргүзүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/83a6/3084/4b51/599edb1ded4c3.jpg?time=1718775124)
Орусия жана АКШнын ортосундагы чыңалуу күн өткөн сайын күчөгөн жаңы абал менен чыңалып жатканда эки өлкөнүн армиялары Сирия темасында байланыш куруусун улантканы белгиленди.
Рейтерске маалымат берген АКШлык жогорку рангадагы жооптуу кызматкер, орусиялык жана АКШлык аскердик өкүлдөрдүн күнүгө 10-12 жолу тартиптүү түрдө жолугушкандарын айтты.
Жолугушуулардын Сириянын жерлеринде операция уюштурган АКШ жана Орусия колдогон күчтөрдү бири-биринен ажыратып турган фронт чийилишин камсыздаганын айткан жооптуу кызматкерлер, Орусия жана АКШнын учактарынын да бири-бирине жакындабай калганын баса белгиледи.
Эки өлкөнүн армияларынын ортосундагы байланыштын уланышына баа берген АКШнын Аба күчтөрүнүн Жакынкы Чыгышта кызмат өтөгөн командирлеринен генерал лейтенант Жеффри Харригиан: «Абдан татаал маселелерди артка калтырганыбыз чындык. Орусия жана АКШнын операция аянттарын бири-биринен ажыраткан коопсуздук аянтын улантыш үчүн ар дайым бир жол таптык. Сүйлөшүүгө аргасызбыз. Анткени бул өзүбүздү, коалициялык өнөктөштөрүбүздү коргоо жана душманды жеңиш үчүн маанилүү»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718775125)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.