АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда согуш чыгып кетсе Германия Вашингтон тарапта орун албайт

Ангела Меркель «Handelsblatt» гезине маек куруп берди

795819
АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда согуш чыгып кетсе Германия Вашингтон тарапта орун албайт

Германиянын канцлери Ангела Меркель, АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда согуш чыгып кеткен учурда, көздү жумуп Вашингтон тарапта орун албай тургандарын айтты.

Меркель немис «Handelsblatt» гезине куруп берген маегинде, Түндүк Корея маселесинин аскердик ыкмалар менен чечилээрине ишенбегенин, чыгылгыс жолго кирүүдөн мурда дагы көп кадамдын ташталышы керектигин белгиледи.

Чыңалуу согушка айланып кетиши мүмкүнбү деген суроого Меркель: «Түндүк Корея темасында аскердик чечүүчү жол көрбөй элемин. Муну толугу менен туура эме деп ойлоймун. Дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдөн азырынча жетиштүү пайдаланбай жатышат. Бардыгыбыз Кытай, Япония жана Түштүк Корея да Ким Чен Ир сыяктуу бирине чектердин көрсөтүлүшү керектигине ишенемин. Менин оюмча дүйнө өлкөлөрү аскердик ыкмаларга кайрылбастан ишке ашыра алышат. Муну аткара алабыз»,-деди.

Ангела Меркель АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда согуш чыгып кеткен учурда, көздү жумуп Вашингтон тарапта орун албай тургандарын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар